Азирети Муфтий «Ыйман борбору» мечитинин курулушунан кабар алды

Бүгүн, 26-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкекке жакын Орто-Сай айылында курулуп жаткан заманбап, 20 миң орундуу «Ыйман борбору» мечитинин курулушу менен таанышты.

«Кудай буюрса, бул мечитибиздин курулушу аяктаса, заманбап архитектуралык кооздугу менен шаарыбыздын көркүнө көрк кошот. Алла Таала ушул ыйман борборунун курулушуна себепчи болгон бардык тараптарга ыраазы болуп, өзүнүн берекесин жаадырсын. Мечит курулуп бүтсө, өлкөбүздө эң ири «жамиъ» болуп, бир учурда 20 миң киши намаз окуп калат», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.

Азирети Муфтий зыярат учурунда куруучулар менен жолугушуп, аларга ыраазычылык сөзүн айтып, ислам дининде мечит куруунун пазилеттери боюнча токтолуп, усталарга дубасын берди.

Айта кетсек, муфтият жамааты тарабынан мечитти куруу иштери жеңил жана берекелүү болушу тиленип, түлөө өткөрүлүп, куруучуларга сый-тамак уюштурулду.