Чүй: Райондун баш имам-хатибдери сентябрь айынын жыйынтыгын чыгарды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков райондордун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүп, 9-айдын жыйынтыгын чыгарып, КМДБнын буйруктарын так аткаруу, райондук хатибияттардын ишин күн сайын жакшыртуу жана казыяттын жакынкы аралыкта аткарылуучу иш пландары боюнча талкуу өткөрдү.

«Ушул күнгө жеткирген Аллах Таалага мактоо болсун! Аллахтын мээрими, ырайымы жана берекеси жалпыбызга болсун. Кезектеги жыйындын башында окулган Куран аяттарын Жараткан кабыл кылсын. Республикалык Куран жарышка тандап алуу баскычын мыкты деңгээлде өткөрүп алганыбызга кубанычтамын. Жума баяндарда КМДБ жана Аалымдар Кеңешинен келген буйрук, тапшырмаларды элге туура жеткирүүнү улантып келгенсиздер жана уланта бересиздер. Алдыдагы ажылык сапардын машакаттары ага катталуудан башталат. Андыктан Чүй облусунун аймагындагы жашоочуларга ажылыкка катталууга даяр турууларын, белгиленген күнү кечикпестен барууларын эскертиңиздер», – деди облустун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.

Жыйналышта дин кызматкерлерине төмөндөгүлөрдүн аткарылуусун милдеттендирди:

— Мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү;

— Мечиттер боюнча маалыматтарды электрондук базага каттоону тездетүү;

— 2025-жылдагы боло турган ажылык сапарга Чүй облусунан катталуучу талапкерлерди каттоого алуу үчүн операторлордун даярдыгын текшерүү жана 2024-жылы 7-октябрдан каттоо башталарын элге жеткирүү;

— КМДБдан келген буйрук жана тапшырмаларды, Аалымдар Кеңешинен чыккан токтом жана тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу, элге түшүндүрүү;

— Жума баяндарды муфтият тарабынан бекитилген бирдиктүү жума хутбалардын негизде өтүү.

Казыяттан билдиришиче, бул айда алгылыктуу иш алып барган Аламүдүн районунун хатибиятына ыраазычылык кат берилди.