Дастан ажы Мамаев: «Жаштарыбыздын жүрүм-туруму, адеп-ахлагына көңүл буруу абзел»

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Тутуева менен жолугушуп, мектеп окуучуларына адеп-ахлак темаларындагы лекцияларды уюштурууну сунуштады.

«Жаштарыбыздын жүрүм-туруму, адеп-ахлагына көңүл буруу максатында мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштуруу абзел. Анткени учурда уюлдук телефон айрым окуучулардын кулк-мүнөзүнө таасирин тийгизип, окууга болгон кызыгуусун жоготууда. Ошондуктан окуучуларга илим алуунун зарылчылыгы, убакытты туура пайдалануу, ата-энени урматтоо, мугалимдер менен сый мамиледе болуу сыяктуу адеп-ахлактык темаларда баяндама жасоо үчүн атайын лекция, жолугушууларды өткөрүүнү сунуштайм», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Алмагүл Тутуева баш имам-хатибдин сунушун макул көрүп, бул жолугушуулар окуучулар үчүн пайдалуу болорун айтып, графигин түзүү убадасын берди.