Өзгөндүн борбордук мечитине даарат тартиби көрсөтүлгөн экран коюлду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун борбордук мечитинин дааратканасына даарат алуу тартиптерин айтып турган экран коюлгандыгын билдирди.

«Ибадаттын башаты болгон даараттын кандай алынуусу керектигин толук билбеген жарандарыбыз да жок эмес. Ошол себептен борбордук мечит имамы Мухаммадаюуб ажы менен биргеликте мечитке келген жамаатка туура тартипте даарат алууну үйрөтүү үчүн атайын аракеттендик. Ошондуктан даарат алуучу жерге кыргыз, өзбек, казак тилдеринде түшүндүрүп айтып турган экран койдурдук. Ал экран аркылуу жамаатыбыз туура даарат алууну үйрөнөт деп ишенебиз», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.