Ордо калаанын жалпы имамдарына кезектеги жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы «Салкын Ордо» мечитинде борбор калаадагы жалпы имамдарга жыйын өткөрүлдү. Жыйынга казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер жана 125 мечиттин имамы катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, бир катар тапшырмалар берилди.

– Аалымдар Кеңешинин тиешелүү токтомдорунун аткарылышы;

– Мечит, намазкана жана имамдарды базага каттоо;

– 2025-жылдагы ажылык сапарына даярдык;

– Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана бул багыттагы иш-чаралар.

«2025-жылдын 7-октябрында өлкө боюнча ажылык сапарына каттоо башталат. Ушул маалыматты жума баянында шаар тургундарына айтып өтүңүздөр. Ажыга баруучулар өз убагында каттоодон өтө турган болсо, эч кандай көйгөй жаралбайт. Айрыкча банктык төлөмдөрдү эртерээк төгүү керек. Былтыркы тажрыйбага караганда, Кыргызстан мамлекетине бөлүнгөн квота бир күндө толуп калгандыгы баарыбызга маалым. Ошондуктан ажылыкка ниеттенип жүргөн жарандар 7-октябрь күнү катталышы керек», – деди  шаар казысы Шакир ажы Маматов.