Ысык-Көл, Нарын облустарынын ДОЖ мугалимдерине семинар-тренинг өткөрүлдү

КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков Ысык-Көл облусуна иш сапры менен барып, Балыкчы шаарында Нарын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан диний окуу жайлардын мугалимдерине семинар-тренинг өттү. Окутууда негизинен ДОЖдордун ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталып, төмөндөгү маселелер айтылып, тапшырмалар берилди.

— Мамлекеттик тилди өнүктүрүү;

— Ханафи мазхабын, өзгөчө матуриди акыйдасын тереңдетип окутуу;

— Диний билим берүүнү электрондоштуруу;

— Жергиликтүү башкаруу органдары, уюмдар менен диалог куруу;

— ММКлар менен тыгыз иш алып барып, окуу жайдагы ар кандай иш-чараларды чагылдыруу;

— Тегерек стол, семинар-тренингдерди байма-бай уюштуруу жана катышуу;

— Балдардын ден соолугун чыңдоо максатында спорттук иш-чараларды өткөрүү;

— Конкурс, Куран жарыш, илимий таймаштарды уюштуруу;

— Ачык сабактарды өткөрүү;

— Медреселер ортосунда тажрыйба алмашып мамилени чыңдоо.

“Урматтуу мугалимдер, эки облусту бирге чогултуп жатканыбыздын максаты, таанышып, тажрыйба алмашып, кемчиликтерди жоюу болуп саналат. Негизи биздин окутуудагы методикабыз канчалык мыкты болсо, келечекте студенттерибизден мыкты, илимдүү инсандар чыгат. Билим берүү усулдарды жакшыртуубуз зарыл болгондуктан, семинарларды жер-жерлерде уюштуруудабыз”, – деди Абдиназар Хаджибеков.

Семинардын соңунда окутуучулар сабак пайдалуу болгонун белгилеп, ыраазычылык билдиришти.