Ноокатта «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» тууралуу мыйзам долбоору боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 сандуу жарлыгы менен бекитилген «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын», ошондой эле «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын» ишке ашыруу максатында, Ош ОИИБ, Ош облусунун прокуратурасы, УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмү жана Ош облустук казыяты менен макулдашылган иш-пландын негизинде жыйын өткөрүлдү.

Жыйын башында экстремизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 2 видеоролик көрсөтүлдү.

Андан соң жыйында ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Сталбек Айтбаев жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчө башчысы, милициянын подполковниги Тойчубек Бекеев баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» тууралуу мыйзам долбоору боюнча талкуу болуп, баяндамалар менен башталып, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.

Аталган жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, ишкана-мекеме жетекчилери, УКМК кызматкерлери, мектеп мугалимдери, аксакалдар жамааты, дин кызматкерлери, жаштар коому жана жергиликтүү тургундар катышты.