Мирланбек ажы Токтомушов «Сулайман-Тоо» музейинин директору менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Сулайман-Тоо тарыхый- археологиялык музейинин директору Медербек Апархановду кабыл алды. Казыят кызматкерлери жана шаар имамдары да катышкан жолугушууда төмөнкү маселелелер каралды:

—   Күз айлары келип калгандыктан, өрт коопсуздугун алдын алуу;

—   Сулайман-Тоонун айланасын таза кармоо;

—   Бак-дарактарга аяр мамиле жасоо;

—   Тоонун тегерегиндеги жашаган жарандарга ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

—   Эскилиги жеткен мечиттерди кайрадан оңдоп-түзөө.

Ош шаарынын мусулмандарынын казыятынан билдиришинче, казыят «Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси» менен бир топ жылдардан бери жакындан кызматташып, көптөгөн проектилерди ишке ашырып келет.