«Апиза эне» атындагы ислам институтунда «Менин ой ааламымда Ч.Айтматов» аттуу дил баян жазуу сынагы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан «Апиза эне» атындагы ислам институтунда студенттер арасында Чыңгыз Айтматов жана чыгармаларынын алкагында «Менин ой ааламымда Ч. Айтматов» аттуу дил баян жазуу сынагы өткөрүлдү.

«Студенттерибиз ар тараптуу маалыматтуу болуусун колдоп келүүдөбүз. Буга чейин 23-сентябрь күнү Мамлекеттик тил күнүнө карата да институтубузда атайын иш-чара өткөрүлдү. Мына азыр белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу дил баян жазуу сынагы өткөрүлүп, ага 19 студентибиз активдүү катышты» – деди ДОЖ ректору Абдирашит ажы Батыров.

Айта кетсек, аталган иш-чара ДИМК ТАБнын сунушу, Ош облустук казыятынын тапшырмасы менен облус аймагындагы жалпы диний окуу жайларда өткөрүлүүдө.