Ошто адам сатуунун алдын алуу боюнча конфереция болуп өттү

Ош шаарындагы Дархан комплексинин кичи залында адам сатуунун алдын алуу максатында “Адам сатуунун алдын алуу” аталышындагы конференция болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана аймактагы мечит имамдары катышты.

Конференцияда шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов исламда адам сатууга катуу тыюу салынарын баса белгилеп, буларга токтолду:

“Адам сатуу ислам динибизде катуу караланган. Ошондой эле ар дайым адамдарды кулчулуктан азат кылууга чакырып келген. Мына ошонун шарапаты менен кул ээлөөчүлүк толук жоюлган. Бирок, тилекке каршы кулчулуктун жаңы түрлөрү пайда болду. Мисалы, адамдарды иштетип, акысын бербөө. Алдап чет өлкөлөргө алып барып узак убакыка, кеткен чыгымдарды төлөгөнгө чейин иштетип же паспортторун алып коюп ар түрдүү тейлөөлөргө мажбурлап иштетишкен фактылар катталып жатат”, – деди Мирланбек ажы Токтомушев.

Ошондой эле шаар казысы эмгекчилердин кызмат акысын убагында берүү зарылдыгын белгиледи: “Жумушчунун эмгек акысын маңдай тери кургаганча бергиле” деген Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисин эстеп жүрөлү”, – деди Мирланбек ажы.

Белгилей кетсек, адам укуктарын коргоо жана адам сатуунун алдын алуу иш-чаралары шаар аймагындагы жалпы мечиттерде улантылмакчы.