Ош шаары: Жоокерлерге Мекенди сүйүү тууралуу лекция окулду

Ош шаардык казыятынын фатва боюнча жооптуу адиси Мирислан Абдиев шаардагы №2024 аскер бөлүгүндө күзгү жаңыдан кабыл алынган Мекен сакчыларына «Мекенди сүйүү – ыймандан», «Өмүр бизге берилген аманат» темаларынын алкагында лекция окуду.

Ал Ата-Мекенге берилгендик менен кызмат кылууга, патриоттуулукка тарбиялоого, диний сабатсыздыгын жоюу боюнча да кеңири токтолуп, аскерлердин суроолоруна жооп берди.

Ош шаардык казыятынан билдиришинче, казыят Ош шаарында жайгашкан жалпы аскер бөлүктөрү менен бир канча убакыттардан бери кызматташып келет.