Азирети Муфтий жумушчу сапары менен боордош Казакстанга барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Казакстан дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулунун чакыруусу менен Астана калаасына барды.

Абдулазиз кары Закиров баштаган кыргызстандык делегацияны Астанадагы эл аралык аэропорттон салт боюнча КМДБнын төрагасынын орун басары, наиб муфтийи Сансызбай Курбан уулу тосуп алды.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи эртең, 2-октябрь күнү Казакстан Дин Башкармалыгында өтө турган эки тараптуу жолугушууларга катышары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2-3-октябрда Астанада Казакстан муфтиятынын уюштуруусу менен Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин V кеңешмеси өтөт.