Кумарбек Орозалиев: «Бирөөнүн көңүлүн алам деп башканын өмүрүн албагыла»

Нарын шаарындагы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык коллежинин студенттерине үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жол бербөө максатында семинар өтүлдү. Иш-чарага Нарын шаардык прократурасынын өкүлү Шайырбек Сулайманов,  НШИИБдин кызматкери Махабат Саалаева, Нарын шаардык мэриясынан Алмазбек Өмүрзаков, Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев катышты.

Алгач жаш жеткинчектер арасында талап-тоноо, уурулук, ж.б.у.с. кылмыштуулукту кыла турган жаран жаш курагы 16 жашта болгон болсо мыйзам чегинде 10 жыл эркинен ажырап каларын Нарын шаардык прократурасынын өкүлү Шайырбек Сулайманов эскертип өттү. Ошол эле учурда жашы 18ге толо элек кыздарга арналган видео тасма көрсөтүлүп, казынын орун басары Кумарбек Орозалиевге сөз берилди.

“Негизи сиздер билим уясынан жакшы илим алып, келечекте ар кесиптин ээлери болгуңар келет. Мына ошол нерсеге жетиш үчүн адамга билим керек. Билим алган бала менен билим албаган баланын айырмасы билинип эле калат. Билим биздин жан дүйнөбүздү агартат. Дили агарган адам эч качан башка бирөөнүн көңүлүн оорутпайт. Андыктан бирөөнүн көңүлүн алам деп, башка бирөөнүн өмүрүн алып койбогула. Бир адамдын денесине зыян келтирүү динибизде арам болот», – деди Кумарбек Орозалиев.

Эскерте кетсек, бул иш-чара Нарын шаарындагы бардык мектеп окуучулары жана студенттерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлмөкчү.