Казакстан менен Кыргызстандын Азирети Муфтийлеринин жумушчу топторунун кеңири форматтагы жолугушуусу башталды

Бүгүн, 2-октябрда Астана калаасында Казакстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий  Ноорузбай ажы Таган уулу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров башында турган делегацияны КМДБнын имаратында тосуп алып, Дин башкармалыктын имаратын жана муфтияттын эмгек жамааты менен тааныштырды. Муну менен катар Казакстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы делегаттарга «Зекет жана кайрымдуулук» фонду, «Адал даам» стандартташтыруу жана сертификациялоо борбору, «Аль-Фараби» жана медиа борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Андан соң Казакстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Казакстан менен Кыргызстандын Азирети Муфтийлеринин жумушчу топторунун кеңейтилген жолугушуусу өттү. Эки тараптуу жолугушууда диний жааттагы кызматташтык байланыштар  талкууланды. Натыйжада тараптар Дин башкармалыктар арасындагы байланышты, тажрыйба алмашууну жана коомчулуктун ынтымагын, биримдигин бекемдеген долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну макулдашышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров башында турган делегация 2-3-октябрда Астанада өтө турган Түрк мамлекеттеринин муфтийлеринин Коллегиясынын атайын жыйынына расмий иш сапары менен барышкан.