Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров боордош Казакстан өлкөсүнө жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарындагы «Азирет Султан» мечитин зыярат кылып, жамаат менен жолугушту.
Абдулазиз кары Закиров аталган мечитте Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы Ноорузбай ажы Таган уулу менен бирге бешим намазын окуп, эки өлкө жана бир туугандыгы үчүн атайын дуба кылып, Азирети Муфтий Ноорузбай ажы Таган уулунун демилгеси менен өтүп жаткан салмактуу саамалыкка ийгилик каалады.
Айта кетсек, Астанада Түрк мамлекеттери уюмунун муфтийлер кеңешинин V кеңешмеси, ошондой эле эртең “Кожа Ахмет Ясави жана анын руханий мурасы” аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция өтөт.