Ноокен райондук хатибияты 200 миң сомдук жардам таратты

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук хатибияты райондун аймагындагы аз камсыз болгон, турмуш шарты оор 50 үй-бүлөгө 200 миң сомдук азык-түлүк жардамын таратты. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков:

“Биздин демилгени колдоого алган райондогу берешен, колу ачык ага-инилерибизден Аллахым ыраазы болсун. Биздин кайрылуубузга жок дебей, дайыма колдоолорун көрсөтүп келишет. Райондун аймагындагы ишкерлер менен мындай кайрымдуулук иштерин дайыма жасап келебиз. Пайгамбарыз Мухаммад (с.а.в.) хадисинде “Ким Аллах жолунда садака кылса Жараткан өзү анын ырыскысын көбөйтүп берет” деген. Ошондуктан кайрымдуулук ишине активдүү катышкан ага-ини, достордон дагы бир жолу Аллахым ыраазы болсун”, – деди.