Бишкек шаары жана Чүй облусундагы кыз-келиндердин диний окуу жайлары арасында көчмө семинар старт алды

2024-2025-окуу жылына карата Бишкек шаарына караштуу Кыргызстан Ислам университетинде жана Чүй облусуна караштуу “Ала-Тоо – 2” медресесинде көчмө семинар өтүп, ачык сабак жана класстан тышкаркы иш уюштурулду.

Иш-чарага казыят кызматкерлери, Бишкек шаардык жана Чүй облусунун аймагындагы кыз-келиндер диний окуу жайлардын мугалимдери, окуу бөлүм башчылары, жогоруда аталган диний окуу жайдын студенттери, окуучулары катышты. Көчмө семинардын программасына ылайык катышуучулар алгач медресе менен таанышып, андан соң бир ачык сабакка жана бир класстан тышкаркы ишке күбө болушту.

КИУда Тафсир сабагынан ачык сабак жана “Пайгамбарга (с.а.в.) болгон сүйүү” деген тематиканын алкагында класстан тышкаркы иш уюштурулса, Чүй облусуна караштуу “Ала-Тоо – 2” медресесинде Куран сабагынан ачык сабак “Куран кереметтери” деген теманын алкагында класстан тышкаркы иш уюштурулду.

Мындан тышкары “Ала-Тоо-2” медресесинин администрациясы медресе тууралуу кыскача видеороликти, өздөрүнүн колунан жаралган тигүүчүлүк өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришип, класстан тышкаркы ишти ого бетер кызытты.

Соңунда инновациялык метод менен слайд шоу аркылуу өтүлгөн ачык сабакка жана класстан тышкаркы ишке анализ берилип, кемчиликтер жана жетишкендиктер айтылып, сунуштар берилди.

Ачык сабак менен класстан тышкаркы ишке күбө болгон эжекелер өткөрүлгөн ачык сабакты жана КТИни “Эң жакшы” деп баалашты.

Эске салсак, бардык диний окуу жайлар арасында көчмө семинардын программасы КМДБнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары  Закиров тарабынан демилгеленип, 2024-2025-окуу жылына карата көчмө семинар башталууда. Көчмө семинардын негизги максаты мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, инновациялык жана интерактивдик ыкма аркылуу сабакты өтүүнүн усулдарын жайылтуу. Кийинки көчмө семинар Чүй облусуна караштуу “Хазрети Осмон” Ислам институтунда уюштурулса, ал эми, Бишкек шаарында “Расул Акрам” ислам институтунда өтмөкчү. Ошондой эле, мындай көчмө семинар бардык диний окуу жайларда уюштурула баштады.