Мирланбек ажы Токтомушов шаардык жаштар комитетинин кызматкерлерин кабыл алды

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлерин кабыл алды.

Жолугушууда жаштар арасында, айрыкча мектеп окуучуларында болуп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын алуу менен бирге, аларды ыймандуулукка жана адеп-ахлактуулукка чакыруу боюнча биргеликте иш алып баруу маселеси каралды.

Иш-чарада шаар казысы жаштарды ыймандуулукка чакырууда дин кызматкерлеринин орду чоң экенин белгилеп, жаштар иштери боюнча комитети менен ар дайым кызматташууга даяр экенин билдирди.

“Чынында мектеп окуучулары арасында чылым чегүү, телефон оюндарына азгырылуу жана суицид сыяктуу терс күрүнүштөр жок эмес. Биз сиздер менен кызматташууга ар убак даярбыз. Ал үчүн мыкты квалификациялуу кадрларыбыз жетиштүү”, – деди Мирланбек ажы Токтомушов.