Оштогу ДОЖ студенттеринин арасында өткөрүлгөн Ч. Айтматов чыгармалары аталышындагы дилбаян сынагы жыйынтыкталды

ДИМК ТАБдын сунушу менен Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлгөн Ч. Айтматов чыгармалары аталышындагы дилбаян сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков ДОЖ студенттерине өз насааттарын айтып, жеңүүчүлөрдүн сыйлыктарын тапшырды.

«Мыкты адис болуу үчүн ар тараптуу маалыматтуу болуу керек. Эл менен тыгыз иштешүүдө улуттук нарк, каада-салттарды жакшы билүү көп жардам берет. Адабий чыгармаларды, китептерди окуунун пайдалары студенттердин сөз байлыгы арртып, эркин баяндама жасай алуу менен бирге өзүнүн пикирин башкаларга жеткиликтүү түшүндүрүп бере алат», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Сыйлыктарды тапшыруу аземине Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, казыяттын кадр жана катчылык бөлүмүнүн адиси Ибрагим Ильяс уулу жана ДОЖ мугалимдери менен сынактын жеңүүчү студенттери катышты.

Ошондой эле, ДИМК ТАБнын өкүлдөрү Ильяз Маматкаримов жана Азамат Таиров катышып, ДОЖ студенттери арасында мындай сынактарды дагы да жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландалып жатканын билдиришти.