Ошто имамдар үчүн 6 күндүк акыйда сабагы старт алды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош облустук казыятынын уюштуруусу менен Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун жалпы имамдарына «Фикхул-Акбар» китебинин негизинде 6 күндүк акыйда боюнча окутуу башталды.

Имамдар үчүн уюштурулган 6 күндүк акыйда боюнча окутууга атайын борбор калаадан белгилүү устаздар чакырылып, облустун 4 районунда сабактарды башташты.

Акыйда устаздары:

  1. Мирзат ажы Барпыбеков – Кара-Суу району;
  2. Белек ажы Турдалиев – Ноокат району;
  3. Эмилбек ажы Андартегин – Араван району;
  4. Баястан ажы Марат уулу – Өзгөн району; (Кара-Кулжа районунун имамдары да Өзгөн районуна келип, сабакка катышууда).

«КМДБнын колдоосу менен имамдарыбызга акыйда багытында 6 күндүк сабак уюштуруу мүмкүндүгү болуп жатат. Албетте азыркы учурда акыйда жаатындагы түрдүүчө маселелер жаралып жаткандыктан, бул окутуу курсу имамдарыбызга пайдалуу болот деп ишенебиз. Бул окутуу курсу Имам Азам Абу Ханифанын «Фикхул-Акбар» китебинин негизинде өтүлөт. Окутууга келген имамдар үчүн райондун баш имам-хатибдери тарабынан жатакана жана тамак-ашы камсыздалган. Тиешелүү шарттарды түзүүгө жеңилдик катары диний окуу жайлардын жатаканалары пайдаланууда», – деп билдирди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.