Абдил-Азиз ажы Чыныбеков КР ИИМ ЖКККББнын Ыраазычылык каты менен сыйланды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземи облустук казыятта өтүп, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен тыгыз кызматташуу жүргүзгөндүгү, жол кыймылынын эрежелерин сакталышына, жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо багытында аткарган жигердүү эмгеги үчүн башчы милициянын полковниги Ж.Жоробеков казыга ыйгарды.

«Мындан ары да калктын коопсуздугун, жол эрежесин жакшыртуу, элге эскертүү иш-чараларын улантууга даярбыз», – деди  Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.