Жалал-Абад: Медресе студенттери арасында «Пайгамбарымды тааныгым келет» аттуу акыл таймашы өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын колдоосу, Жалал-Абад шаардык мусулмандарынын хатибиятынын демилгеси менен Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) туулган айына карата медреселер арасында «Пайгамбарымды тааныгым келет» аттуу акыл таймашы уюштурулду.

Таймашка ДИМКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Бакыт ажы Усманов жана Жалал-Абад шаарынын хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев катышып, студентерге илим алуунун, адеп-ахлактуу болуунун маңызы жөнүндө акыл-насааттарын айтышты.

Сынакка жалпы он команда катышып, алдыңкы командалар баалуу белектер жана атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев медреселер арасында өткөн бул сынакты уюштуруда жакындан көмөктөшкөн инсандарга ыраазычылык сөзүн айтып, «Акыл таймашка өз салымын кошкон инсандардын ар биринен Аллах ыраазы болсун. Иш-чаранын негизги максаты медреселер арасында ынтымакты бекемдөө жана Илим билимге маани берүү. Ошондой эле студенттерибиздин билим деңгенин жогорулатуу болуп саналат», – деди.