Чүй районунун имамдары улуттук наркты сактоо маселесин талкуулашты

Чүй облусунун Чүй районундагы «Улукман» мечитинде жалпы дин кызматкерлерине кезектеги жыйын уюштурулду. Саамалыкка Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, райондун имам-хатиби Сапарали ажы Акбаев жана аймактагы 35 имам катышты. Жыйында бир топ маселелер талкууланып, төмөнкү тапшырмалар коюлду.

— Аймактагы катталбаган мечит, намазканаларды кыдыруу, каттоо.

— 2025-жылдагы ажылык зыяраты үчүн баштапкы төлөмдөрүн төккөн тургундарды өз учурунда базага каттоо жана катталуучулардын даярдыгын эскертүү.

— Аалымдар Кеңешинин тиешелүү токтомдорун, буйруктарын аткаруу, экремизм жана терроризмдин алдын алуу.

— Имамдардын өзүн алып жүрүүсү жана мечиттин айлан-чөйрөсүнүн тазалыгын кароо.

«Ааламдашуу заманында динди, улуттук наркты сактоо кыйынга турууда. Үй-бүлөдө, коомдо баалуулуктар өзгөрдү. Учурда биз, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) үммөтү, өз динибизди, улуттук наркыбызды жана баалуулуктарыбызды сактоо ар бирибиздин милдетибиз. Андыктан имамдар ар жума баянында бул тууралуу көп-көп эскертиңиздер. Анткени «Эскертүү ар бир мусулмандын бул жашоосуна жана акыретине пайда берет«, – деди облустун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.