Ош облусундагы диний окуу жайлардын жетекчилерине чукул жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмү, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы, Ош ОИИБ жана Ош облустук казыяты тарабынан Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрүлүп, анда Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе болгон каргашалуу окуяга байланыштуу ДОЖдордо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарынын аткарылуусун камсыздоо, ички тартиптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү, коопсуздук боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилди. Алсак;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана КМДБнын уставдарына ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү;

— ДОЖдордун ички-сырткы тазалыгын камсыз кылуу;

— ДОЖдорго видео байкоочу камераларды орнотуу;

— Окуу сапатын арттыруу;

— КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү тайпалык журналдардын колдонулушун көзөмөлдөө;

— Диний окуу жайларда ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо.

Жыйында ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош ОИИБнын ЭММКАКнын бөлүмчө башчысы, милициянын подполковниги Тойчубек Бекеев жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облустук башкармалыгынын өкүлү жогоруда аталган маселелер боюнча сөз сүйлөсө, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана ДОЖ мүдүрлөрү көйгөй менен жапа тырмак күрөшүү натыйжалуу экенин айтышты.

Жыйынга катышкан облус аймагындагы ислам институттарынын, медреселердин жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана сабактан сырткаркы убактарында көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүлдү.

Ошондой эле, жогоруда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жакынкы күндөрдө облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг өткөрүлө тургандыгы айтылды.