Ош шаарындагы ДОЖдордо тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Бүгүн, 9-октябрь күнү Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинде студенттерге багытталган кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тартипти сактоо боюнча лекция өтүлдү. Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Муратали кары Мамадияр уулу, Ош ШИИБ №2 милиция бөлүмүнүн башчысы Элдияр Мурзаканов, Ош ШИИБдин ЭММКАКтын ыкчам өкүлү Эмирбек Алимбеков жана аймактык тескөөчү катышты.

Ош ШИИБдин №2 милиция бөлүмүнүн башчысы Элдияр Мурзаканов тартипти сактоо, улутчулдукка барбоо, түнкүчүн көчөгө чыкпоо жана укуктарды сактоо боюнча кеңири сүйлөсө, Ош ШИИБдин ЭММКАКтын ыкчам өкүлү Эмирбек Алимбеков тыюу салынган агымдардан сак болуу, бөлүнүп-жарылууга жол бербөө жана социалдык таркмактардагы туура эмес маалыматтардан этият болуу боюнча лекция окуду.

Шаар казысынын орун басары Муратали кары медресенин балдары адептүү, ар дайым таза, илимдүү, билимдүү болуп, башкаларга үлгү болушу керектигин баса белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Иш-чара соңунда медресе жетекчиси Кутманбек Орунбаев ар дайым тартипти сактоо жалпынын милдети экенин айтып, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.