Баткен: мамлекеттик кызматкерлер менен дин кызматкерлери спорт боюнча күч сынашты

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Баткен облустук казыятынын ортосунда спорттун үстөл тенниси боюнча достук мелдеши өттү.

Мелдешке КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустук өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров башында турган облустук казыяттын кызматкерлери, хатибият кызматкерлери жана медересе мугалимдери катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду облус башчысы Абдикарим Алимбаев, 2-3 орундарды медересе мугалимдери Авазбек Алиев жана Сулайман Атамурзаев камсыз кылды.

Казыяттан айтышынча, өткөрүлгөн мелдештин максаты достукту, кызматташтыкты чыңдоо жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.