«Кылмыш-кырсык орун тандабайт»

Үстүбүдөгү жылдын 6-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы «Тирмизи» аттуу медреседе катталган кайгылуу кырсык боюнча КМДБ жетекчилиги ошол күнү чукул жыйын өткөрүп, атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссия окуя катталган медресени жеринен зыярат кылып, ички териштирүү ишин баштаган. Жыйынтыгында аталган медресенин мүдүрү кызматтан четтетилип, медресе убактылуу жабылды. Ошондой эле окутуучулар курамына жана тарбиячыларга эскертүү берилип, нөөмөттөгү тарбиячыларга сөгүш жарыяланган.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КР ДИМК, ИИМ, УКМКнын аймактык бөлүмдөрү менен кезексиз жыйындар өткөрүлүп, диний окуу жайлардагы тартип, тарбия жана адеп-ахлак боюнча түшүндүрүү-агартуу иштери жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында студенттер адеп-ахлактуулук, жоопкерчилик жана мыйзамдуулук боюнча маалымат алып, укук бузуулар жана ага чегерилчү жазалар боюнча түшүнүккө ээ болушууда. КМДБ тарабынан ар бир ДОЖго видео камераларды орнотуу тапшырмасы берилди. Мындай чечим өз кезегинде студенттердин коопсуздугун камсыздоону көздөйт.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар иш алып барып жаткандыктан, ар кандай такталбаган маалыматтарды таратуудан, информацияны бурмалоодон, динге, диний мекемелерге жана дин кызматкерлерине каршы пайдалануудан абай болууга чакырабыз.