Казакстандын «Адал өнүгүү» борбору менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Адал индустриясын өнүктүрүү» бөлүмү кызматташууну бекемдешет

Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Адал өнүгүү»  борборунун директору Айбек Аташев Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылып, КМДБнын «Адал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо» бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу менен кызматташтыкты мындан дагы жогорку деңгээлге чыгарууну сүйлөштү.

Эки тараптуу жолугушууга  «Адал өнүгүү»  борборунун технологу Мейржан Бауыржанов катышып,  жалпы мусулмандар үчүн «адал» маселесин жайылтуу, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү адал өндүрүүчү ишканалардын санын көбөйтүү, эки өлкөнүн адал Стандартташтыруу жана сертификациялоо системасында тажрыйба алмашуу, адистердин билимин өркүндөтүү, биргелешкен ишмердүүлүк үчүн керектөөчүлөрдүн «адал» маркасына болгон ишенимин калыптандыруу маселелери талкууланды.

«Биздин салтыбыз жана динибиз, билимибиз жана маданиятыбыз бирдей. Бизде жалпы баалуулуктар көп. Казакстан менен Кыргызстандын Диний башкармалыктары дайыма кызматташат. Биздин максат-адал индустрия чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн рынокторунда адал продукциясынын сапатын жогорулатуу жана керектөөчүлөрдү ак ниеттүү продукция менен камсыз кылуу», – деди Айбек Аташев.

Ал эми КМДБнын «Адал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо» бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу боордош казак эли менен кыргыз элинин достугу бекемделе берээрин айтып, эки мамлекеттин Дин башкармалыктарынын байланыш алакалары мындан дагы өнүгө бере тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Адал өнүгүү»  борборунун адистери Кыргызстанга атайын иш сапары менен келишип, аймактагы КМШ боюнча эң ири «Куликовский» сыяктуу сертификат алган ишканаларга аудит жүргүзүштү.