Ошто имамдар үчүн уюштурулган 6 күндүк акыйда сабагы аяктап, сертификаттар тапшырылды

Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун жалпы имамдарына «Фикхул-Акбар» китебинин негизинде өтүлгөн 6 күндүк акыйда сабагы жыйынтыкталды.

Натыйжада аталган окутууга Ноокаттан 270, Аравандан 110, Кара-Суудан 180, Өзгөндөн 156, Кара-Кулжадан 55 имам катышып, сертификатка ээ болушту.

«Буйруса окутууну да жакшы жыйынтыктап алдык. Имамдарыбыз 6 күндүн ичинде «Фикхул-Акбар» китебин түшүндүрмөлөрү менен окуп бүтүрүштү. Окутуу жемиштүү болуп, имамдарыбызга бир топ пайдалуу болгондуктан, өз ыраазычылыктарын билдиришти. Буйруса Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасынын негизинде окутуулар уюштурууну 2025-жылдын иш-планына да киргизүүнү көздөп турабыз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле атайын чакырууга жок дебестен, бир жумалык убактысын бөлүп, имамдарга акыйда сабагын өтүп берген Мирзат ажы Барпыбеков, Эмил ажы Асылбеков, Белек ажы Турдалиев жана Марат уулу Баястан ажыларга ыраазычылык билдирди.