ЖКККББ Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятына ыраазычылык билдирди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков КР ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ыраазычылык каты менен сыйланды. Анда “Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен тыгыз кызматташуу жүргүзгөндүгү, жол кыймылынын эрежелерин сакталышына, жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо багытында аткарган жигердүү эмгеги үчүн”, – деп жазылган.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков баш болгон Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жалпы жамаатына, КР ИИМдин кызматкерлерине ыраазычылык сөзүн айтып, ак батасын берди.

ИИМдин ЖКККББнын ыраазычылык каты Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаевге да ыйгарылды.