Ноокаттагы «Ынтымак» айылынын жаштары имамга автоунаа белек кылышты

Кечээ, 11-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагындагы Ынтымак айылында жайгашкан «Муратали ажы Жуманов» атындагы жума мечитинин имамы Адилбек Ботобаевге Ынтымак айылынын жаштары автоунаа белек кылышты.

Аталган сыйлыкты тапшыруу үчүн Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров барып, жума баянын жасап, жумага келген жамааттын алдында мечит имамына жаштар тарабынан даярдалган белекти тапшырды.

«Ботобаев Адилбек дамла Ынтымак айылында жайгашкан «Муратали ажы Жуманов» атындагы жума мечитинде 23 жылдан бери имамдык кызматын аркалап, жергиликтүү элге  диний баалуулуктарды жеткирип келет. Анын мээнетин баалап, айыл жаштарынын автоунаа белек кылуусу баарыбызды кубантып турат. Бул жакшылыкты демилгелеген жана уюштургандардан Аллахым ыраазы болсун. Элдин ынтымагы бекем болуп, жакшылык иштер аткарыла берсин», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.