Кочкор: Айыл имамына умра сапарына жолдомо берилди

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылынын имамы Бакай Шейшеналиевге көп жылдан бери айыл элинин жакшылык-жамандыгына күнү-түн, ысык-суук дебей кызматын өтөп келгенди үчүн айыл тургундары умра сапарын белек кылышты.

Мындай жакшы саамалыкты айылдын аксакалдары жана жаштары имамга терең ыраазычылык айтуу менен бирге ыйык сапарга сак-саламатта барып келишин каалап өтүштү.

Маалымат үчүн айта турган болсок, Бакай Шейшеналиев 13 жылдан бери Орток айылында имамдык кызматын аркалап келет.