Нарын: “Юсуф Сыдык” атындагы балдар медресесинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ачык сабак уюштурулду

Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы балдар медресесинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ачык сабак уюштурулду. Ачык сабакка ДИМКнын Нарын облусундагы өкүлү Алмаз Токонович, НШИИБдин жетекчисинин орун басары Нурлан Мааткеримов, Нарын шаардык мэриясынан Алмаз Өмүрзаков жана казынын орун басары Кумарбек Орозалиев катышты.

Алгач медресесинин окуучулары тарабынан өлкө аймагындагы өспүрүмдөр арасында катталып жаткан кылмыштуулук жана аны кантип алдын алуу керектиги тууралуу маалымат берилди. Андан соң айтылган сөзгө жараша мектеп окуучулар арасындагы рэкетчилик жана суицид туралуу медресенин окуучулары тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш коюлду.

Келген коноктор балдардын даярдыктарына жакшы баасын берип өз сөздөрүн сүйлөп өтүштү.

“Урматтуу окуучулар! Сиздер дин сабагын алып жаткан жаран катары өтө этият болушуңуздар керек. Эгер бир адам ката кетире турган болсо, сөз ошол жеке адамга гана тиет. Ал эми сиздер, тактап айтканда медресе окуучулары ката кетире турган болсо, бардык мусулмандарга жана динге оор сөздөр тие турганын унутпашыныздар керек”, – деди  НШИИБдин жетекчисинин орун басары Нурлан Мааткеримов.

Ал эми казынын орун басары Кумарбек Орозалиев диний билим алуунун зарылдыгы жана аны турмушта ийгиликтүү пайдалануу боюнча лекция окуп жатып, “Ооба. Илимсиз дин кармануу адашууга алып келет. Ошондуктан ар бир убакытты текке кетирбей, туура эмес агымдарга алдырып ийбей жакшылап билим алгыла. Биз бийлик өкүлдөрү менен шаар, район, облус аймактарын кыдырып сабак өтүп келүүдөбүз. Буюрса дагы да келечек муун үчүн көптөгн иштерди алып барабыз, ошол эле учурда силерге да жыйындарды биргеликте өтүп келебиз”, – деди өз сөзүндө.