Кеминде ысырапкерчиликтин алдын алуу жана улуттук наркты сактоо боюнча жыйын өттү

Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында акимдин орун-басары Асель Жуманалиева, мэрия, айыл өкмөттүн башчылары, райондун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дуйшебаев жана Кемин районунун жалпы имамдарынын катышуусунда жыйын уюштурулду. Чогулушта КР Президенттинин ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча №54 Жарлыгы, улуттук наркты сактоо жана үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулукка жол бербөө маселелери боюнча талкуу болду.

«Жалпыңыздарга белгилүү болгондой, жогорудагы Жарлыктарды ишке ашырууда ар бириңиздердин ордуңуздар чоң. Аймактагы жергиликтүү калкка дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жер-жерлерде уланта бериңиздер жана тапшырманы жогорку деңгээлде аткарууда толук колдоо көрсөтүүгө даярбыз», – деди акимдин орун-басары Асель Жуманалиева.

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) өз жашоосунда жана насаатында ысырапкерчиликтен тыйган. Анткени Аллах Таала Куран аяттарында ысырапкерлерди сүйбөстүгүн, Анын ыраазычылыгы чын ыкластан жетимдерди өз кепилдигине алып, жакшылык кылгандарда экендигин кабарлаган. Адам баласы жашоодо керектөөдөн тышкары ашыкча чыгым  коротуу менен Аллах Тааланын нараазычылыгына калбай, үнөмдүү колдонуу менен Анын берекесине ээ боло алат. Элибизди бул абалдан алып чыгууда мамлекет башчыбыздын Жарлыгы, имамдардын жума намазда айтылган баяндары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн түшүндүрүү иштери абдан маанилүү. Андыктан жалпыбыз бирдиктүү, ынтымактуу иш алып баралы», – деди өз сөзүндө райондун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дуйшебаев.

Иш-чаранын аягында жалпы катышуучулар жогорку маселелер боюнча өз пикирлерин билдирип, ишке ашыруу жолдорун талкуулап, баш имам-хатиб тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.