Азирети Муфтий «Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини» аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн Өзбекстанга барды

Бүгүн, 15-октябрь күнү Өзбекстанда «Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини» аттуу эл аралык конференция башталды. Конференцияга Азирети Муфтийлер, эл аралык уюмдардын жетекчилери, диний жана коомдук ишмерлер, белгилүү аалымдар, илимий изилдөөчүлөр, чет элдик жана жергиликтүү ЖМКлардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Бүткүл дүйнөлүк ислам ассоциациясынын башкы катчысынын орун басары доктор Абдурахман бин Абдулла, Мисир өлкөсүнүн муфтийи доктор Назир Мухаммад Аййад, Кавказ мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий шейхуль-ислам Аллахшукур Пашазада, мухаддис аалым Мухаммад Аввома, Стамбулдагы Ибн Халдун университетинин профессору Мухиддин Аввама, Пакистандын Карачи ислам университетинин профессору Мухаммад Таки Усманий, «Дарул-Улум Деобанд» медресесинин мүдүрү, индус аалымдар бирлигинин жетекчиси Мавляна Аршад Маданий, Иорданиядагы Дүйнөлүк ислам илимдер университетинин доктору Салах Абул-Хаж, Түркиянын Дин иштери министринин орун басары Хасан Гүчлү, Ислам изилдөө борборунун (İSAM) жетекчиси Муртаза Бедир, Малайзиянын Вакф министри Зулкифл бин Мухаммад Аль-Бакри, Болгария Ислам академиясынын доктору Сайфул Асри, АКШнын Атланта шаарындагы Эмори университетинин илимий кызматкери Рахимжон Абдугафуров сыяктуу ислам аалымдары жана изилдөөчүлөр Өзбекстанга барды.

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-октябрь күндөрү боордош Өзбекстандын борбор калаасында өтүүчү конференцияга келген ардактуу конокторду Ташкент эл аралык аэропортунан тосуп алып, Өзбекстанга келиши менен куттуктаган уюштуруучулар бүгүнкү эл аралык конференциянын маанилүүлүгүн, белгилүү окумуштуулардын бир жерде жолугушуусу зор жетишкендик экенин айтып өтүштү.