Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2025-жылдагы ажылар үчүн жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр конкурс жарыялайт.
Конкурс боюнча кенен маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.
Бишкек шаары, Жибек-Жолу 264/3.
———————————————————————————————-
Конкурс өтө турган күн:
14-ноябрь, 2024-ж. Саат 10:00 КМДБнын жыйындар залы.
Документтерди кабыл алуу:
2024-жылдын 25-октябрынан 8-ноябрь, саат 17:00 гө чейин.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
КМДБнын Ажы-Умра бөлүмү
Тел: (0)778 48-61-67 / (0)708 48-61-67
Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
2025-жылдыгы ажылар кийүүчү форманы (кемсел / жилет) тигүүчүлөргө коюлган талаптар:
- Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасынын (УРШ) атына арыз.
- Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү.
- Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү.
- Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү.
- Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (Кыргыз Республикасынын ИИМнин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат).
- Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).
- Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер.
- Салык кызматынан карызы жоктугу жөнүндө тиешелүү аныктама.
- Реквизиттер.
- Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү.
- УРШ мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү.
- Ажылардын тапочкалары жана буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.