Ташкент: Азирети Муфтий матуридилик жана ханафиликтин өзгөчөлүгү боюнча доклад окуду

Бүгүн, 15-октябрда Ташкент шаарындагы “Hilton Ballroom” мейманканасында “Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини” аттуу эл аралык абройлуу конференция башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Сауд Аравия, Египет, Иордания, Оман, Россия, АКШ, Франция, Азербайжан, Пакистан, Индия сыяктуу дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 70 тен ашуун белдүү эл аралык уюмдардын жетекчилери, Азирети Муфтийлер, диний лидерлер жана белгилүү аалымдар катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров «Матуридилик жана ханафилик багыттарынын өзгөчөлүгү жана Орто Азия элдерине тийгизген таасири; кечээ, бүгүн жана эртең» аталышындагы докладын окуду.

Маалымат үчүн айта кетсек, бул конференция Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Бириккен Улуттар Уюмунун 78-сессиясында Өзбекстанда «Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини» аттуу эл аралык конференция өткөрүү демилгесинин алкагында уюштурулууда.