Ош шаарындагы билим берүү уюмдарында «Нарк» сабактары башталды

КР Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жана «Улуттук нарк» жөнүндөгү Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана шаардык мусулмандарынын казыяты Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте «Нарк сабактары» окуу долбооруна старт берди. Аталган долбоор бүгүн, 16-октябрь күнү калаадагы №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясында башталды.

Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Мураталы Мамадияр уулу, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин жетектөөчү адиси Бектурган Мизамидин уулу жана мектептин 8-9-10-11-класстын окуучулары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаар казысынын орун басары “Мекенди сүйүү, ата-энени сыйлоо, коомдогу ар кандай жаман азгырыктардан сактануу, мектептеги сабактарга активдүү катышуу” темаларында сөз сүйлөп, окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Ал эми мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин жетектөөчү адиси билим алууга шарт түзүп берип жаткан мамлекетибизди сыйлоого, анын ичинде мектептин каражаттарына аяр мамиле жасап, аларды сактоого чакырып, бир катар баалуу маалыматтарды берди.