Жалал-Абадда диний билим берүүдө КР мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында “Диний билим берүүдө КР мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу жана КМДБ тарабынан бекитилген Уставдын негизинде иш алып баруу” деген темада жыйын өттү.

Жыйынга КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнөн Урмат Калдаров, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын окуу адиси Нурдинбек Рустамбек уулу жана диний окуу жайдын мүдүрлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Диний билим берүүдө КР мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу жана КМДБ тарабынан бекитилген Уставдын негизинде иш алып баруу” боюнча ойлор айтылды. Мүдүрлөр тарабынан ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө суроолор берилип ,жооптор алынды.

Мындан сырткары, Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкери окуучулар арасында кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеп-кеңештерин айтып, ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле, окуу жайлардын мүдүрлөрүнө иш кагаздар менен иш алып барууда так болуп, мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар менен иштөө мезгил талабы экенин эскертти.