Ош облусунун казысы аймактардагы тургундар менен жолугушууларды баштады

Бүгүн, 16-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат райондук администрациясынын жыйындар залында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган облустагы райондук баш имам-хатибдер, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облустук администрациянын өкүлү Хамидулла Исмаилов жана Ноокат районунун акимдин орун басары Нургүл Зулпиевалар жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.

Ош облустук казыяты Ош облусунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашып, райондордо жергиликтүү эл менен жолугушуулардын графигин түзгөн. Ага ылайык аталган жолугушууга элдин ичиндеги активисттер чакырылган. Алсак, жолугушууга айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, аксакалдар, мектеп мугалимдери жана мечит имамдары катышты.

Жолугушууда райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров хатибияттын тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүгү боюнча элге маалымат берсе, облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу өз баяндамаларын жасады.

«Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча эмне кылуу керектиги туурасында шариятыбызда толук маалымат айтылган. Айрым адамдар ага карабастан, өз билемдик кылууда, мындайларды жергиликтүү эл айтып, түшүндүрүп токтотуп койсо болот. Айтор жакшылык тойлорго да ашыкча чыгым кетирип, жашообузду өзүбүз кыйындаштырып алуудабыз. Чет өлкөдө жылдап иштеп, бир күндө баарын чачып, кайра акча табуу үчүн ар тарапка кетип жатабыз. Ошондой эле ажырашуулардын көбөйүүсү, миграциянын себебинен балдардын кароосуз калуусу келечегибиз үчүн кайгыра турган нерсе деп эсептейм. Ошондуктан биз облустук администрациясы менен макулдашып, райондордо ысырапкорчулукка жол бербөө, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, бала тарбиясына көңүл буруу, мечиттердин сапатын жогорулатууда элдин колдоосу жана бирдиктүү нике хутбасы сыяктуу темалардын алкагында эл менен жолугушууларды өткөрө баштадык», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ага кошумча маркумдун артынан сооптуу иштерди жасоо үчүн элди чакырып, чай берип батасын алуу менен гана чектелбестигин, шариятта үзгүлтүксүз сообу жетүүчү амал катары жол салуу, көпүрө куруу, мектеп, медресе, мечит, оорукана сыяктуу элге кызмат кылып туруучу нерселер айтылгандыгын баса белгилеп өттү.

Ал эми ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча айтып өттү.