Сүлүктүдө мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кечээ, 15-октябрь күнү Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Абдужалил ажы Бекаев Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлери менен биргеликте аталган шаардагы бардык мектептин жогорку класстарынын окуучулары менен жолугушту.

Баш имам-хатиб жана башка адистер жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга зордук-зомбулукка каршы туруу, кылмыштуулукка жол бербөө, адеп-ахлак темасынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүрүздү.

“Келечек жаштардын колунда. Билимдүү, адептүү жаштар өлкөнүн келечеги болгондуктан, биз аларга жаштайынан жакшы тарбия берип, ыймандуулукка, адептүүлүккө чакырып, туура эмес жүрүм-турумдан алыс болууга, адепсиздиктин кесепети, чөйрөгө болгон мамиле туурасында көп айтышыбыз керек. Пайгамбарыбыз хадисинде “мусулман деген – бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат” деген. Андыктан асманга түкүрсөң жүзүнө түшөт дегендей, башкага жамандык кылсаң өзүнө кайтат.Ошондуктан жакшылык кылууга аракет жасайлы”, – деди Абдужалил ажы Бекаев.