ОшМУнун тарых жана юридика институтунда укук жана дин боюнча лекция өтүлдү

Ош шаарынын борбордук “Аль-Бухари” мечитинин имамы Хадисбек кары Нурматов Ош мамлекеттик университетинин тарых жана юридика институтунун 2-курсунун кыргыз тайпаларына «Укук жана дин» дисциплинасынан «Жарандык укук жана процесси» кафедрасынын улук окутуучусу Талант Төлөгөн уулунун чакыруусу менен “Мекке, Медина мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, Куран менен сүннөттүн жалпы талаптары жана айырмалуу чектери” аттуу темада студенттерге лекция өттү.

Студенттер дин, Куран жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, жоопторду алышты.

Аталган лекцияга кафедранын окутуучулары да катышты.