Кечээ, 20-октябрь күнү Баткен шаарында республикалык Куран жарышы жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өткөрүлдү. Облустук музыкалык драма театрында өткөн иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдушүкүр ажы Нарматов баштаган дин аалымдары жана Кыргызстандын булуң-бурчунан тандалып алынган эң мыкты, кооз үндүү 35 кары катышты.
Конкурстун жыйынтыгында Куранды 10 парадан жатка окуу боюнча Абубакр Жороев, 20 пара боюнча Лутфулло Рахманов, 30 пара боюнча Салман Рахматтуллаев, ал эми кооз окуу боюнча Бурхан Турдалиев жеңүүчү болуп табылды.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Айта кетсек, Калык ажы Жусупов жана Айкыз Бердали кызынын жаркын элесине арналган Куран жарыштын жалпы байге фонду 2 млн сомду түздү. Куран саамалыгы КМДБ, КИУ жана Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулду.