Ош шаарында маркум дин аалымдарын эскерүү кечеси болуп өттү

Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинде өтүп кеткен дин аалымдарын эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, кеңешчиси Алмазбек ажы, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, медресенин эмгек жамааты жана студенттери катышты.

Куран окуу менен башталган иш-чарада Азирети Муфтий аалымдарды ар дайым сыйлап туруу керектигин, анткени алар өз мезгилинде кыйынчылыкта окушуп, эл-журт үчүн дуба кылып, коомго пайгамбардын жолун көрсөтүшкөнүн билдирди.

Кимсанбай ажы Абдурахманов, Молдо Абдусатар ажы Мажитов, Мураталы ажы Жуманов, Чубак ажы Жалилов, Молдо Сабыр, Молдо Шакир, Садиридин ажы, Зияуддин кары, Али кары жана башка көптөгөн аалым жана карылардын ысымдарын атаган КМДБ жетекчиси аларга дуба кылып туруу керектигин баса белгиледи:

«Урматтуу жаш карылар, силер эң жакшы окуп, адептүү, илимдүү болуп чыгып, эл-жерге ак кызмат кылгыла. Силер да келечекте көптөгөн мыкты шакирттерди чыгаргыла. Элге динди жеткирүү жаатында эмгек кылуудан артык жакшылык жок», – деп жана башка баалуу насааттарын айтты.

Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы жаштарды ар дайым устаздарды сыйлоого жана аалымдарды барктоого үндөсө, шаар казысы Мирланбек ажы адеп-ахлакка басым жасоого чакырып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң медресе жамаатында окулган 50 толук Куран хатмы жыйынтыкталып, Азирети Муфтий өтүп кеткен дин аалымдарына жана карыларга багыштап дуба кылды.

Жыйынтыгында Азирети Муфтий медресе жамаатына ыраазычылыгын билдирип, ыраазычылык баракчасын тапшырды.