Айтматов районунда имамдарга жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Кечээ, 20-октябрь күнү Талас облусунун Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында Айтматов жана Манас районунун имамдарына жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, райондун баш имам-хатибдери, айыл аймак имамдары жана жалпы имамдар катышты. Жыйында тогуз ай аралыгында аткарылган иштердин отчету угулуп, баш имам-хатибдер жана имамдардын иштерин дагы да алдыга жылдыруу маселелери каралды.

«Урматтуу имам-молдокелер! Элибизге кылган кызматыңыздар аябай чоң. Ушуга чейин акы албай ак кызмат кылып келе жатасыздар. Кудайым кылган кызматыңыздарды кабыл кылсын. Ушул ишиңиздерди көрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы да сиздерге ар тараптан колдоо, жардам көрсөтүүнүн үстүндө иш алып барууда. Мындан ары ишибизге так бололу. Азыркы тапта айыл аймактардын жооптуу имамдары да дайындалды. Сиздер баш имам-хатибдерге колуна-кол, бутуна-бут болуп жакындан жардам бериңиздер. Жакында кыш айлары келе жатат, ага ылайык мечиттерибизди суукка карата даярдык көрөлү. Мечитке келген жамаатка жакшы шарт түзүп берели!», – деп билдирди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Жыйындын соңунда имамдарга бир канча тапшырмалар берилди. Алсак:

Мечиттерди кыш айларына карата жылуулап, даярдык көрүү;

Айыл аймак имамдары иштерине жоопкерчиликтүү болуу;

Район аймагындагы бардык намазканаларды эсептик каттоого алып, базага киргизүү;

КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу;

Жаштар менен иш алып баруу;

Имамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан, сабактарга активдүү катышуу;

Ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.