Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Баткенде дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров  жана орун басары Асан ажы Сыргабаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында  казыят кызматкерлерине, шаар, райондун баш имам-хатибдерине жана медресе мугалимдерине жыйын өткөрдү.

Жыйында Азирети Муфтий учурда КМДБ тарабынан аткарылып жаткан иштер, алдыга коюлган максаттар, стратегиялык пландары тууралуу айтып өттү.

Өлкө башчысы тарабынан чыкан жарлыктарды жана Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, Ханафи мазхабын жана  Матуриди акыйдасын бекемдөө, диний окуу жайлардын ишмердигин жакшыртуу маселелери каралган жыйында Азирети Муфтий бир канча иш-аракеттерди аткаруу боюнча атайын тапшырмаларды берди.

“Эң алгач ниетибизди түздөп, диндин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылалы. Замандын талабына жараша билим алып, кесиптик ишибизди жакшырталы. Ошондой эле  калк арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү керек. Анткени сабатсыздыктын айынын  кээ бир жарандар туура эмес диний агымдарга кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан моюнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликти так аткарып, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу менен бирге Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасы боюнча окутуу иштерин жүргүзөлү”, – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Ал эми Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров казыяттын ишмердиги жана аймактагы диний абал тууралуу маалымат берип, казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдердин, медресе мугалимдеринин сунуш-пикирилери менен таанышкандыгы үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирди.