Ош облусунда ДОЖ жетекчилерине жыйын өткөрүлүп, шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштерине аралашпоо эскертилди

Бүгүн, 21-октябрь күнү Ош облустук казыятынын жыйындар залында Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунун баш имам-хатибдери жана облус аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө УКМК, ДИМК ТАБ, Ош ОИИБ жана Ош облустук казыяты тарабынан жыйын өткөрүлүп, шайлоо алдындагы үгүт иштерине расмий дин кызматкерлеринин катышпоосу эскертилди.

«Дин кызматкерлери жаран катары шайлоого добуш берет. Бирок шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша албайт. Ошондой эле, диний имараттардын, мечит же медресенин аймагында эл чогултуп, үгүт иштерине шарт түзүп берүү да мүмкүн эмес. Эгер расмий дин кызматкери шайлоого талапкер катары аттанууга ниет кылган болсо, анда ал ээлеген кызматын тапшыруусу керектелет», – деп билдирди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле УКМК, ДИМК ТАБ, Ош ОИИБ тарабынан да мыйзам эрежелерин сактоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышпоо боюнча эскертилди.