Бишкекте “Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” аталышындагы кичи-футбол боюнча турнир өттү

Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынынын демилгеси менен Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган жаштар арасында “Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” аталышындагы кичи-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара жаштарды дени сак жашоого үндөө менен бирге экстремизмге аралашуусун алдын алууга багытталган.

Бул иш-чарага Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынынын башчысы Урмат Джумабеков, Кызматтын кызматкерлери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, Германия эл аралык кызматташтык коомунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Турнирдин ачылышында Урмат Джумабеков сөз сүйлөп, “Баарыңыздарга маалым болгондой экстремизм жана терроризм бүткүл дүйнɵ жүзүндɵ оор жана ɵтɵ кесепеттүү ар кандай коркунучтарды алып келет. Ошондуктан биздин Кызмат республиканын аймагында экстремизмдин жана терроризмдин жайылтылуусуна каршы мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды ар дайым жүргүзүп келет. Бүгүнкү иш-чарабыз дагы экстремизмге жана терроризмге каршы күрɵшүүнүн бир формасы болуп саналат. Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап кетем, элибизде-жерибизде тынчтык болсун! Урматтуу турнирдин катышуучулары, жалпыңыздарга ийгилик каалайм, күчтүүлөр жеңсин”, – деди өз сөзүндө.

Кичи-футболдо студенттерден түзүлгөн курама командалар беттешип, 1-орунду Ибн Халдун ислам институтунун, 2-орунду Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультети, 3-орунду Кыргызстан Ислам университетинин командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты чабуулчу” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.