Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилик курамы Малайзиянын Эл аралык ислам университетинен келген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда илимий изилдөөлөрдү биргелешип өткөрүү, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер менен тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий конференцияларды жана семинарларды уюштуруу, ошондой эле академиялык денгээлдеги программаларды өнүктүрүү жаатында сүйлөшүштү.
Малайзиянын Эл аралык ислам университетинен келген делегациялык курамда директор Сити Айша Ибрахим (Студенттик кызматты жогорулатуу жана кабыл алуу бюросу), декан, доц. проф., док. Бадри Нажиб бин Зубир (МЭАИУнун магистратура, докторантура жана кесиптик изилдөөлөр академиясы), ректордун орун басары проф., док., Амир Акрам бин Шафие (Илимий иштер жана инновациялар боюнча жооптуу кызматкер) жана МЭАИУнун Башкармасынын мүчөсү Саид Хусейн аль Хабший катышса, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев катышты.
Эске салсак, Малайзиянын Эл аралык ислам университети 1983-жылы негизделген жана дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү мекемеси катары таанылган университеттердин бири. Илим, технология, экономика, гуманитардык илимдер, медицина жана укук сыяктуу ар кандай тармактарда билим берет. Муну менен катар ислам баалуулуктарын заманбап билим менен айкалыштырат. Университеттин ири кампустары Гомбак жана Куантанда жайгашкан. Университетте 100дөн ашуун мамлекеттен келген студенттер билим алышат жана окутуу араб, англис жана малай тилдеринде жүргүзүлөт.