Бүгүн, 22-октябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Тегизчил айылында жайгашкан К.Эшимбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде ата-энелерге жана жогорку класстын окуучуларына семинар болуп өттү. Семинарды аталган мектептин директору Нурзат Токторбаева уюштуруп, Ысык-Көл облусунун казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков, «Адеп башаты» диний уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча жооптуусу Санжар Тынчтыкбек уулу ата-энелерге бала тарбиясы, экстремизм жана терроризм тууралуу баяндама жасашса, окуучуларга билим алуунун маанилүүлүгү, ата-эне, мугалимдерге карата мамиле, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча кеп-кеңештерин айтып, лекция окушту.
«Урматтуу ата-энелер, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ата-эненин балдарына калтырган эң жакшы мурасы – бул жакшы тарбия» деп айткан. Азыр балдарыбызды азыр эң жакшы кийинтип, эң жакшы тамактантып жатабыз. Аны менен катар тарбиясын да жакшыртуубуз зарыл. Коомубузда канчалаган терс окуялар болуп жатат. Анын бардыгы барып, тарбиянын туура эместигинен болуп калат экен. Элибизде «Тарбияң тайкы болсо, тартканың кайгы болот» деген кеп бекеринен айтылган эмес. Азыркы жаштарга тарбия берүүдө эң алгач көңүл бура турган нерсе, аларга үлгү көрсөтүп, туура жолду көрсөтүү керек», – деди казынын орун басары.
Ал эми Санжар Тынчтыкбек уулу: «Балдарга китеп окууну үрөтүп, китепкөй кылсак, Ч.Айтматов айткандай китеп аларды ачып, жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, билимдүү муун өсүп чыгат», – деп билдирди.
Жыйындын соңунда мугалимдер жамааты, ата-энелер жана окуучулар лекторлорго ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.